www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоо өнөктүгүндө жагымсыз бир топ маселе жаралып калышы мүмкүн», - деди бүгүн, 11-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Жолдош Орозов.

- Электр энергиясын колдонууга чектөө кирсе да, кошуналардан электр энергиясын сатып алып болсо да, абалдан чыгабыз деген аракеттер колдоого татыйбы?

- Мурунку бийликтегилер деле кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу саясатын жүргүзүп келген, алар деле куп азыркы бийликтин айтканын айткан, бирок бул саясат жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген эмес.

Кээ бир бийлик колдоочулар Кытайда деле электр энергиясы өчүп турат, эл бул жагдайга макул болуусу керек деген ойлорун байма-бай айтат. Мен айтаар элем - Кыргызстан менен Кытайдын же болбосо ушул эле кошуна өлкөлөр Өзбекстан менен Казакстандын экономикасын, социалдык туруктуулугун салыштырууга мүмкүнбү?..

Албетте, Кытай экономикасына, жүргүзүп жаткан саясатына салыштырууга такыр мүмкүн эмес, бир сөз менен айтканда, кем акылдык десек да жарашчудай. Кытайда свет өчсө, алардын элинин саны канча, канчалаган чоң 100 миллиондогон элдин саны бар шаарлары бар, канчалаган өндүрүштөр иштеп жатат, ушуну салыштырып көрдү бекен аналитик сөрөйлөр?

Ал эми бизде кайсы жыргаткан өндүрүш бар, электр энергиясын толук колдонгон элдин санын толук билебизби? Кытайлар ушул жылы 500 эң чоң өндүрүшүнүн мамлекетке түшүргөн пайдасын айтып чыкты. Ар бир өндүрүш 100 миллиарддаган юань киреше алып келиптир. Ал эми ошолордун ичинен 8 компания триллиондогон киреше тааптыр. Кытай мамлекети жылдан-жылга өнүгүүнүн үстүндө, аларга жетиш үчүн Кыргызстан тар жол, тайгак кечүүлөрдү баштан өткөрүүбүз керек.

- Шайлоо таза өтүп, нааразычылыктар чыкпайт деп ишенсек болобу?

- Шайлоо таза өтөөрүндө шегим бар. Айтайын дегеним, шайлоо өнөктүгүндө жагымсыз бир топ маселе жаралып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бийлик колдогон партиялар жана жеке кандидаттар добушка ээ болбой калуу коркунучун да эстен чыгарбашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости