www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр алтын кенине күндүн нуру төгүлүп, жарык чача баштады. Анткени эми бул жерден чыккан алтын канадалык «Центерранын» эмес, жалпы элдин менчиги болууда. Кумтөр алтын комбинатын салган мезгилде түзүлгөн келишим боюнча, канадалыктар 2007-жылы алтын кенин кыргыз элине берип, өлкөдөн чыгып кетиш керек эле.

Бирок 2003-жылы Камеко Кумтөрдөн кол үзгүсү келбей, ошол мезгилдеги президент Акаев менен жаңы келишим түзүүгө жетишет. Бул келишим боюнча «Центерра» ишканасы түзүлүп, ал алтын кенинин канын дагы соруп туруу үчүн жол ачып берет.

Андан кийинки президент да 2009-жылы «Центерра» менен жаңы келишим түзүп, өкмөт башчы Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен Укук министрлигин жооптуу кызматкери Аида Салянова «Центерранын» миллиардаган сом салыктарын кечип жиберген. Ал эми Убактылуу өкмөт менен бийликке келгендер элден бата алып, Кумтөрдү элге алып бермек түгүл, канадалыктар кенен алтын казып алышсын деп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берген.

Ошентип «Центерранын» жылдызы жанган. Азыркы бийлик «Кумтөрдү» элге кайырган бүгүнкү күнү Кумтөрдүн алтынын сатып алабыз деген улуу державалар Орусия, Кытай, Индия жана да Түркия, Казакстан, Өзбекстан кезекте турат. Дагы канчасы келээр экен?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости