www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин курамы алмашаары мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык» өкмөттөгү ишенимдүү булактарына таянып жазды. Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда.

Жаңы өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болуп, ал 12-октябрда жарыяланышы мүмкүн. Өкмөттөгү ишенимдүү булактар Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалаары күтүлүп жатканын билдирди. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган дагы, четке каккан дагы жок.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол койгондон кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөртүлүп, өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамы бекитилген. Учурдагы Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 3-февралда өкмөт башына келип, жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин кызматын сактап калган .

Өкмөт башына келет делген Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - финансы жана экономика министри болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал бул кызматка дайындалганга чейин ЖК депутаты болуп, «Кумтөр» алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Сентябрдын аягында Женева шаарында өткөн «Центерра голд» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсүндө Кыргызстандын делегациясын жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости