www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өзүнө ишенбеген партиялар бириккени менен, кийин идеологиялык ажырашуу болушу мүмкүн», - деди бүгүн, 11-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест-мырза, конституция жаңы кабыл алынганда партиялардын ролу төмөндөйт, бир мандаттуу округдан чыккандар көбөйөт деген пикирлер айтылды эле. Бирок азыркы шайлоодо партиялык тизме менен шайлоого аттангандар деле толтура го?

- Партиялык тизме менен шайлоого аттангандарга негизги себеп бар. Шайлоого жеке өзү чыгыш үчүн, кандидаттын кичи мекенинде чоң аброю болушу керек. Анткени, тизме менен эмес, партия аркылуу эмес, жеке өзүн көрсөткөн кандидат, өзүн көрсөткөн жерден эле добуш ала алат. Мындай эл уулу болгон кыз-жигиттерибиз Кыргызстанда аз.

Ал эми партия аркылуу аттанган талапкерлер добушту шайлоочу бар бардык жерден чогултса болот, Кыргызстандын ичинде эле эмес, чет өлкөдө да. Демек, конкуренция мында аз партиясыз өзү жеке аттангандарга салыштырмалуу. Күчтүү эмес, өзүнө ишенбеген партиялар биригип атат, шайлоодо бир-бирине тоскоолдук кылбаш үчүн.

Тактикалык жагынан бул туура, бирок кийин идеологиялык ажырашуу болушу мүмкүн. Ошон учун партиялардын саны бул шайлоодо азайган жок. Партиялар, жалпы парламент мурдагыдай жоопкерчилиги жок өкмөттү беките албайт. Аткаруу бийлиги президенттик конструкция боюнча президенттин ыйгарым укугунда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости