www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кайсы отун базада кандай көмүр бар? Даректер, баасы

Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан отун базаларынын дарегин жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана анын баасын жарыялады.

Ленин району:

"Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №1а. Бул базада Шабыркүл көмүрү бар. Бир тоннасы 4 500 сомдон сатылып жатат. 9-октябрда 8 вагон (540 тонна) көмүр келип түшкөн.

"Торг-Синтез", "Кара-Жыра" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №59а. Бул базада Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасын 4 500 сомдон алса болот;

"Береке" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №259. Бул жерден Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасын 4 500 сомго алса болот;

"Беш-Сары" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №186. Мында да Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сомдон сатылып жатат.

Октябрь району:

"Торг-Синтез" ЖЧКсы, Төкөлдөш конушу, "Аламүдүн" станциясында. Базада Кара-Кече көмүрү бар. Бир тоннасы 4 500 сомдон. 9-октябрда базага жети вагон (480 тонна) көмүр келген.

Свердлов району:

"Восход и Ко" ЖЧКсы, Достоевский көчөсү, №1. Базадан Шабыркүл көмүрүн 4 500 сомдон тапса болот. Учурда ал жакта 1 000 тонна көмүр бар.

Мындан сырткары, стационардык түйүндөр да даярдалганы айтылды. Ал жактан шаардыктар Кара-Кече көмүрүнүн бир кабынын баасын 200 сомдон 280 сомго чейин алса болот. Стационардык пункттардин тизмеси:

Свердлов району:

Учкун жаңы конушу;

Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

Келечек конушу;

Ак-Бата конушу.

Ленин району:

Пушкин көчөсү, №182;

Гагарин көчөсү, № 67;

Баррикадный көчөсү, №2.

Мындан сырткары, шаардагы жаңы конуштарга дагы 35тей стационардык түйүн ачыла турганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости