www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кайтарымсыз жардам берет. Тиешелүү меморандумга Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Джайшанкар кол койду.

Индия өкмөтү социалдык чөйрөдөгү тез ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн 1 млн 500 миң доллар каражат берүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар суммадагы жеңилдетилген насыя берүү маселеси да каралды.

Казакбаев белгилегендей, Кыргызстан Индия менен болгон мамилелерди жогору баалайт, ошого байланыштуу эки өлкө ортосундагы саясий байланыштарды бекемдөө зарыл. Белгилей кетсек, Индиянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости