www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина илимдеринин доктору, «MEDI» жеке клиникасынын башкы дарыгери Асылбек Байгазаков менен маек.

-- Эндовидеохирургия – жаңы ыкмабы? Операция кандайча жасалат?

-- Эндовидеохирургия – бул заманбап хирургиянын жаңы багыттарынын бири. Мында ички органдардын видеосу мониторго чыгып турат, дарыгер ошол жактан көрүп, ичке аппараттын жардамы аркылуу операция жасайт. Тактап айтканда, операция монитордогу камера аркылуу аткарылат.

Жаңы технологиялар менен аткарылуучу бул ыкма ооруган адамдардын мурункудай кайсы бир органына операция жасаш үчүн алардын ичин ачып отурбай, эндовидеохирургиялык кийлигишүү аркылуу илдетти айыктырат. Негизинен, баардык органдарга: боорго, ичегиге, жатынга, миомаларды алууда жана төрөбөгөндөргө жасалат. Бирок акыркы учурда кант диабетинин экинчи түрү менен ооругандарды сакайтууга да көбүрөөк көңүл буруп калдык.

-- Бул ыкманын өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Техниканын негизги баалуулугу – толук амбулатордук дарылоодо жатат, башкача айтканда, ооруканага жаткыруунун кажети жок. Эффективдүү жана түз, хирургиялык кийлигишүүсүз ишке ашат. Азырынча Кыргызстан боюнча мындай аппарат менен жасоо ыкмасы бизде өнүккөн. Баардык оорунун түрлөрү боюнча операциялар жасалат. Башка клиникаларда дагы бар, болгону аларда өткө жасалуучу операцияларда көбүрөөк колдонулат.

Бул ыкма менен бейтаптарга операция жасоону 2008-жылы эле баштагам. Ошондон бери жыл сайын жаңы технологияларды алып келип, медицинага жаңылыктарды киргизгенге аракет кылам. Бул бир эле аппараттан турбайт, ар бир органга операция жасоо үчүн өзүнчө аппарат колдонулат. Хирургиянын жаңыча түрү. Негизи, аялдын жатынында оору бар болсо, бир операция кылып, алты айдан кийин “өтүндө таш бар экен” десе, ага экинчи ирет операция жасап, боорунда болсо үчүнчү-төртүнчү жолу дарылай беришет. Ошентип отуруп, адамдын өмүрүнүн баардыгы операция менен өтүп жатпайбы.

А бул ыкма аркылуу ооруган органдардын баардыгына бир учурда операция жасалат. Мындан улам мага бир учурда көп оорусу барлар көбүрөөк кайрылат. Мен азыр бул айтылган ооруларга операция жасоону окуучуларыма өткөрүп берип, өзүм метаболизм маселелрине кабылып, ашыкча семирип, кант диабетине чалдыккандарды айыктыруу амалдарын жайылтып, башка врачтарга да үйрөтүп жатам.

-- Баалары кандай? Башка клиникаларга салыштырмалуу кымбат болсо керек?

-- Баалар операциянын татаалдыгына жараша. Орто эсеп менен алганда 15 миң сомдон баштап, 3500 долларга чейин барат. Башка жактын бааларынан, билким, кымбат болушу мүмкүн, анткен менен бизде жасалган операциялар уникалдуу, бейтаптар операциядан кийин бат калыбына келет жана жогоруда айткандай, бир эле учурда бир канча органга операция жасоо мүмкүнчүлүгү болот. Бейтаптар үчүн тобокелчилик жокко эсе. Операция болгондон кийин бейтаптар тез калыбына келип, 1-2 күндө үйлөрүнө чыгып, 5-6 күндөн кийин жумушка бара берсе болот.

-- «Экинчи этаптагы кант диабети менен ооругандарга уникалдуу операциялар жасалып жатат» дедиңиз, ал кандайча аткарылат?

-- Бизде акыркы жылдары бул оорунун ар башка түрүнө кабылгандардын саны өсүүдө. Экинчи этаптагы кант диабети менен ооругандарга жасалуучу операция өтө татаал схема менен аткарылат. Негизи, бул оору адам ашыкча семиргенден келип чыгат. Бирок адамдардын ашыкча семирүүсү жөндөн-жөн болбойт. Мында клеткалык деңгээлдеги метаболизм бузулат.

Кээ бир адамдар тамакты аз жесе деле семире берет. Андыктан, алгач адамдын организминде кайсы себеп менен метаболизм бузулганын тактайбыз. Метаболизмдин бузулушунан организмде кант диабети пайда болот. Ал эми кант диабети майда (микро) зат айлануунун бузулушуна алып келет. Дээрлик тамырларга жайылып, капиллярдык тамырларды биринчи толтурат. Баардык органдар канды, кычкылтекти майда капиллярдык тамырлардын эсебинен кабыл алат.

Алар: мээ, жүрөк, булчуңдар, ичеги. Ал жука кан тамырлардын стенкасын чоңойтуп, натыйжада майда кан тамырлар шишип чыгат. Бул күчөп-күчөп отуруп, мээдеги кан жарылып кетет. Муну инсульт дейбиз. Инсульт болгон адамдардын 60 пайызы дээрлик айыкпайт, 40 пайызы жарым жан болуп калышат. Бир жак буту-колу иштебей, же оозу-мурду кыйшайып калганы ушундан. Кант диабетинин экинчи этабында жасалуучу операция ушул оорулардын алдын алат. Ошондуктан, биз кант диабетине чалдыккандарга көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Бул оору менен ооругандар арасында жүрөгүндө инфаркт болгондор 40-42 пайызга көп болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости