www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 200дөн ашык ооган студентине виза берет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 249 ооган студентине виза бермей болду. Мекемеден бул тууралуу «Азаттыкка» билдиришкен.

Маалыматка караганда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) академиясы жана Борбор Азиядагы Америка университети ооган жарандарына тиешелүү визаларды берүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Ооган студенттерине 500 кирүү визасын берүү тууралуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, учурда окуу визасын белгиленген тартипте тариздөөдө. Бул иштер бүтө элек экенин белгилейбиз», - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар көбөйгөн учурда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз бийлиги жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр экенин билдирген. Кийин бул демилге бир топ эл аралык жолугушууларда козголуп, кыргыз бийлигинин оогандык студенттерге өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн виза берүү чечимин кубаттаган.

Кыргызстандын эл аралык окуу жайларында чет өлкөлөр ичинен Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу. Белгилей кетсек, ооганстандык студенттердин басымдуу бөлүгү Борбор Азиядагы Америка университети, Нарындагы Борбор Азия университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости