www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Партлидерлер коррупциянын жаңы формаларын ойлоп таап, кайдагы эле бир мыйзамсыз «альянстарды» түзүп, элдин башын айлантууда», - деди бүгүн, 11-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Шайлоого партиялардын дагы деле көп катышканы партиялар таасирин жогото электен кабар береби?

- Жок. Менимче андай деле эмес. Тескерисинче, партлидерлер коррупциянын жаңы формаларын ойлоп таап жатат. Кайдагы эле бир мыйзамсыз «альянстарды» түзүп, элдин башын айлантууда. Кыргызстанда бүгүн деле так-даана партиялык-саясый система түзүлгөн жери жок.

Партиялар өздөрүнүн чыныгы вазийпаларын түшүнбөйт. Алар депутаттык мандатты алууну гана көздөгөн механикалык машинага айланып кеткен. Бул чоң кылмыш. Партлидерлерди тайманбай эле камаса боло берет. Анткени алар элди алдап, өлкөнүн келечегине балта чаап жатат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү? Кыйынчылык болоору менен алар жок болуп кетет.

Мисалы, пандемия кризиси усурунда, Баткен кыргынында, жаратылыш кырсыктарында. Анан эле шайлоодо жулунуп чыга келет. Партияларды эл эчак эле жек көрүп калган. Болгону, алар чайкоочулүкка өтүп алышты. Кадимки базар мыйзамы. Аларга элдин, өлкөнүн тагдыры - бир тыйын!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости