www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» кыймылынын өкүлү, талибдер түзгөн убактылуу кабинетте маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид Ооганстанда бийликти басып алган уюмдун негизги киреше булактары тууралуу маалымат менен бөлүштү. «Негизинен, салыктар жана бажы төлөмдөрү. Келечекте биз кен казуудан киреше алууну пландап жатабыз», - деди кыймылдын өкүлү.

«Талибан» тарабынан көрүлгөн чараларга карабай, ооган экономикасындагы абал кыйла оор. Жалпысынан алганда, бул жаңы бийликтин 9,4 миллиард долларлык мамлекеттик резервдин 0,1 пайызына гана жетүүсүнө байланыштуу, анткени алардын олуттуу бөлүгү АКШ тарабынан тоңдурулган.

Эске салсак, буга чейин «Талибан» өкүлдөрү Катарда америкалык делегация менен эки күндүк сүйлөшүү жүргүзгөнү белгилүү болгон. Тараптар АКШдан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүү жана кайрымдуулук уюмдарына жардам берүү боюнча макулдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости