www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Дохада өткөн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү болду деп жар салды. Эгер Талибандын колуна өзөктүк курал тийсе, Түндүк Корея сыяктуу кошуналарын коколобойбу?  2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто ызы-чуу салган Усама бин Ладенди калкалаганы үчүн АКШ менен НАТО бүт дүйнөнү Талибанга каршы койгон.

Кыргызстан да бул иштерге катышып «Манас» аэропортунда талибдерге каршы уюштурулган авиабазасын ачкан. АКШ жоокерлерин ташыган учактарга май куюп беребиз деп бул авиабазадан Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабановдор ирденип алып, ири саясатчыларга айланган. Орусия «Примаковдун кылтагына» өткөн соң дүйнөгө монополиялык кылгысы келген АКШнын саясатын көп жактыра бербей, Орусиянын президенти Медведев 2010-жылы 60 млн доллар пайда келитрип жаткан базаны чыгарыш үчүн 2 млрд доллар инвестиция берүүгө Бишкекке макул болот.

Бирок Бишкектин саясатынын түбүнө түшүнбөй бийликти алмаштырат. 2011-жылдына ягында Атамбаев президент болуп келет. 2012-жылы Путин президент болгон соң, американын базасын чыгарылат. 2021-жылы АКШ оз аскерин Ооганстандан аскерин алып кетүүгө мажбур болот, 2021-жылдын 11-сентябрында, туура жыйырма жыл өткөн соң, Талибан өкмөттү оз инаугурациясын өткөрөт.  АКШ базасын Борбор Азиянын кайсы мамлекетине орноштурууга башы жетпей, эми Ооганстанга жардамга колун сунду. Маскара болгон АКШ гумжардам берип жаткан талибдер эми озөктүк куралга ээ болууга бет алды.

Алгач бул талиб деген сөздүн маанисине токтоло кетсек. Арапча (طلب, طالب ) окулушу: талабун, таалиб (бир нерсени каалаган, чакырган, изилдеген, арзуу кылган деген маанини түшүндүрөт. Арапча талиб сөзүнө фарсча ان (окулушу: аан) мүчөсү уланып طالبان (окулушу: талибан) сөздүн көптүк түрүн түшүндүрөт. Ооганстанда фарси тили да колдонулгандыктан, илим алуу үчүн бүт дитин койгон медресе окуучуларын талибан деп аташкан. Эгер бул талиб сөзү жөн гана окуучу жана студентти, илимге умтулганды түшүндүрсө, террордук чабуулдарды жасап миңдеген бейкүнөө адамдын өлүмүнө себеп болгон талибан кыймылы менен кандай байланышы бар?

Тарых булактарына кайрылсак Бабур хандыгы азыркы Ооганстан менен тыгыз байланышта болуп турган. Ал жердеги медреселер жана дарул улуумдарда (диний билим берүү мекемелеринде) Ооганстан аймагындагы мусулмандар билим алып турган. Кийинчерээк Бабур хандыгы экономикалык жана саясий жактан күчүн жоготуп, оторчул англичандарга жеңилгенде, жергиликтүү мусулмандар өздөрүн коргоо үчүн англиялыктарга каршы согушат. 1857-жылдан соң Индияда пайда болгон Дийубандий медреселери менен байланышы бар Ооганстандагы медреселерде окуган окуучу, студенттер (талиптер) 1878 жана 1880-жылдардын ортосунда англичандарга каршы согушкан.

Ооганстан XIX-кылымдын башынан Экинчи дүйнөлүк согушка чейин, кийин Орус падышачылыгы менен Британиянын бөлүшө албаган аймагына айланган. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ жана СССРдин ортосунда калып, ар дайым сырткы күчтөр тарабынан башкарылган өлкө болуп келет.

1978-жылы Ооганстанда СССРдын жардамы менен Мухаммад Нур Тараки бийликке келген. Бирок жергиликтүү мусулмандар атеисттик режимге каршы чыгып, 1979-жылы Таракинии бийликтен кулаткан. СССР Ооганстанда өздөрүнө ыктаган адамын жоготууда күч колдоно баштаган. Ошол жылдан тарта 1989-жылга чейин созулган кайгылуу Ооган согушу болгон. Орус бийлигине каршы согушкан оогандык мусулмандар өздөрүн мужахиттер деп атап келген.

Ооганстан экономика жана технология жагынан алда канча төмөн болсо, советтик аскерлергее каршы согушкан мужахиттерге жеткиликтүү аскердик куралдарды ким берген? - деген суроо туулбай койбойт. Албетте, бул жерде геосаясий кызыкчылыктар негизги мааниге ээ болгон. Ошондуктан СССРге сокку уруш үчүн ооган согушкерлерине АКШ, Пакистан, Сауд Арабия жана Кытайдан жардам болгон.

Эң кызыгы - СССРге каршы бир муштум болуп, бөлүнүп-жарылбай согушкан мусулмандар Советтик армия Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин бийлик талашып, өз-ара согушуп, миңдеген адамдын каны төгүлгөн. Ооган согушунун себептерин жана геосаясий пландагы окуяларды билүү талибан кыймылын таанып билүүгө жардам берет деген ойдомун. Анткени бул согуш Талибандын пайда болуусуна шарт түзгөн.

Ооган согушу аяктаганда бийликке умтулган мужахиттер ич-ара согушка себепкер болгон. Ооганстанда талибан кыймылы пайда болуп күчтөнгөнгө чейин төмөндөгү негизги саясий партиялар бийликтин чылбырын колго алууга умтулган:

1. Жунбуши милли исломи афгонистон. Кыймылдын лидери Рашид Достум. Бул кыймылдын тарапташтарын Ооганстандагы өзбек жана түркмөндөр түзөт.

2. Хизби Ислами. Партиянын лидери Гүлбеддин Хекматияр. Партиянын көпчүлүгүн паштундар түзөт.

3. Жамъийати Исломи афгонистон. Партиянын негиздөөчүсү Бурхануддин Раббани (1940-2011). Бул партияынын негиздөөчүсү жана тарапташтары тажик улутундагылар.

4. Хизби вахдати исломи  мардуми афгонистон. Партия лидери Абдул Али Мазари жана партиянын талапташтары хазарилерден турат.

Аталган партия менен кыймылдар Ооган согушунан калган согуштук курал-жарактарга ээ болгон. Бир мунасага келе албаган топтор өлкөдөгү коопсуздукту коргой албай, карапайым элдин дагы да кыйын абалда жашоосуна түрткү болушкан. Натыйжада өлкөдө уурулук, каракчылык, адилетсиздик, жакырчылык күч алган. Алдуу алсызды дайым кордоп, каалаган нерсесин тартып алган.

1994-жылы Ооганстандын Кандагар аймагында имамдык кылып талаба (окуучу) окуткан Мулла Мухаммад Омар 20 чактуу талиб (окуучулар) менен биргеликте карапайым элдин кызыкчылыгын коргоп, ар кандай бузукулукту токтотуу жана адилеттүүлүктү орнотуу максатында мужахит топторго каршы кыймыл баштаган. Дал ошол Кандагар аймагындагы бир айылдан эки жаш кыз башка согуштук топтун командирлери тарабынан уурдалып кетет. Эки кыздын тарапташтары Мулла Омарга арызданат, Мулла Омар талибан (окуучулары) менен колуна согуштук курал кармап кыз уурдаган капитандын согуштук участогун басып алат.

Кыздарды куткарып, каракчылык кылган капитанды танканын замбирегине асып өлтүрүшөт. Ушуга окшогон окуялардан улам Мулла Омар баштаган кыймыл элдин талабын талашкан жана бузукулук иштерге каршы катары бааланып, тез арада тарапташ табууга жетишкен. Бул жерде белгилей кетчү нерсе бул -  мулла/молдо сөзү анчалык бизди кооптондурбашы керек. Анткени Ооганстан жана Пакистанда исламий билимди толук кандуу үйрөнгөндөрдү мавлана же мавлавий деп атаган. Ал эми молдо исламий билимди орто даражада билген адам.

Бул түшүнүк бизде аларга салыштырмалуу айырмаланып каралат. Себеби биздин молдолор дин менен бирге ата-бабанын каада-салтын кошо кармаган жана мамлекеттин мыйзамдарын сыйлаган эл агартуучулар десек жаңылыштык болбосо керек. Молдолор да алган билимине жана дүйнө таанымына жараша динди түшүндүрүп сүйлөп келет. Ошондуктан кээ бир молдолордун кемчилдигинен улам баарын күнөөлөгөндөн алыс болуу зарыл.

Мулла Омар окуучулары менен баштаган кыймыл, талибан аты менен Ооганстанда белгилүү боло баштап, Талибан 1995-жылы Гератты, 1996-жылы Кабулду, 1997-жылы Мазар-и-Шарифти көзөмөл кыла баштайт. Кандагар Талибандын негизги борбору болгон. Талибан 1997-жылы Ооганстандын башкаруу ыкмасын шариятка ылайыктап, Исламий Афганистан Эмирдиги деп жарыялаган. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирдиги жана Пакистан талибанды расмий тааныган. Башка өлкөлөр аларды расмий тааныбаса да, Талибан 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарууну колго алган.

2001-жылдын сентябрь айындагы АКШдагы соода борборунун э\ки имараты учак менен жардырылуусу Талибандын бийликтен кетишине себеп болгон. Себеби бул террордук жардырууну уюштурган Аль-Каида террордук уюмунун лидери Усама бин Ладенди Талибан кыймылы жашырып АКШга бербей койгондугу жалпыга маалым. Натыйжада 2001-жылы Ооганстанда башталган АКШнын согуштук аракеттеринин натыйжасында Талибандын бийлиги кулайт. Албетте, АКШ Талибанды кулатыш үчүн Ооганстандагы башка саясий жана куралдуу топтордон да пайдаланган.

Ооган согушунда орустарга каршы согушкерлерди аскердик курал менен камсыз кылган АКШ согуш бүткөн соң Талибанды колдогону жана Сауд Арабия менен Пакистандын да логистикалык жактан талибанга жардам көрсөткөнү адистер тарабынан айтылып келет. Талибандын тез арада тарапташ топтоп жайылуусунда Пакистандын да кызыкчылыгы болгон. Анткени Советтик доор кулап, өз алдынча мамлекет болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-сатыкты көздөгөн Пакистан, Ооганстанды коридор катары кодонууга аракет кылып, бирок өлкөдөгү стабилдүүлүктү Талибан аркылуу орнотууну каалаган.

АКШ - Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрүн көзөмөлдөө максатында жана Иранга каршы Түркмөнстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн мунай сыяктуу кең байлыктарын Ооганстан аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчуна сатуу үчүн Талибанды бийликке алып келген. Бирок АКШ көздөгөн максатына жете албагандыгы үчүн Талибандан кол жууган.

Талибан бийликтегилерди кескин сындап, шариятка ылайык башкарууну каалаган. Бирок Талибан пайда болгон күндөн баштап бийликке жетүү үчүн ар кандай террордук аракеттерди уюштуруп,күнөөсүз мусулмандардын канын төккөн. Алардын бул аракеттери, албетте, ислам динине терс.

Белгилегендей, Талибандын негиздөөчүсү Мулла Омар 1996-жылы Кабулду басып алганда көпчүлүк эл тарабынан мамлекеттин ажосу болуп таанылган. Бирок аны БУУ жана анын курамына кирген өлкөлөр аны мамлекет башчысы катары тааныган эмес. Мулла Омардын улуту пуштун, сунни багытындагы ислам динин карманган. Ханафий мазхабында болгон жана анын медресеси Пакистандагы Дийубандий мектеби менен байланышы бар экендиги айтылат. Мулла Омар 2013-жылы кайтыш болгондон соң Абдулгани Барадар жана Мулла Ахтар Мухаммад Мансур Талибандын лидерлигине келген. Азыркы учурда мавлави Хибатуллах Ахунзада лидерлик кылат.

Талибан кыймылы канчалык ханафий мазхабын карманса да, өздөрүнүн диний түшүнүгүн жана анын жоромолдоосун гана туура деп башкалардын диний түшүнүктөрүн кабыл албайт. Алар Пакистандагы Дийубандий мектебинин радикалдык диний түшүнүктөрүнө жакын . Медреселеринде ислам тарыхы, оогган тарыхы, фикх (ислам шарияты) сыяктуу исламий илимдерди окутуп, заманбап окутуу усулу жана колдонмо куралдарын жактырбайт. Философия сыяктуу сабактарга - мусулмандарды ислам ишениминен алыстатат деген түшүнүк менен тыюу салышкан.

Адамдарды намаз окууга, эркектерди сакал коюуга жана селде кийип жүрүүгө мажбурлашкан. Башкарууда тажрыйбасы жок жана диний билими тайкы болгон Талибан кыймылы коомдун коопсуздугун гана көздөгөн. Коомдун илим-билим жана технологиялык жактан өнүгүүсүнө кызыкдар болгон эмес. Исскуство жана маданият тармагы такыр түшүнө да кирбейт. Музыка, радио угуу жана телевизор көрүүгө тыюу салышкан. Кыздар окуган мектептерди жапкан, аялдардын иштөөсүнө каршы болуп, аларды үйдө олтурууга мажбурлаган.

Жадакалса оорукана сыяктуу жайларда иштеген аялдарды да ишин таштоосуна басым жасаган. Аялдардын билим алуусуна башында каршы чыккан. Учурунда Талибандын Пакистандагы элчиси кыздарды окууга жиберүү, талибан үчүн өтө уят деп айткан сөзү бар. Бирок акыркы учурларда бир аз мээлүн ыкмага өткөн. Бирок Нооруз майрамын майрамдоону жана шахмат ойноого да тыюу салышкан. Коомдо бузукулукту болтурбоо үчүн адамдарды дайым көзөмөлдөп турганы менен апийим сатууга жана аны өстүрүүгө көз жумат. Анткени апийим алардын  кирешесинин негизги булагына айланган.

Талибан бийликти басып алууда мусулмандарга каршы жихад/согуш жарыялап, мусулмандарды да өлтүрүүдөн корккон эмес. Талибандын ислам тарыхындагы Хавариждерге окшош түшүнүктөрү бар. Хавариждер, өкүм, бир гана Аллага таандык болушу керек деп Азирети Алинин армиясынан бөлүнүп чыгып, өздөрүнөн башканын баарын динден чыкты деп аларды өлтүрүүнү күнөө катары санаган да эмес. Талибан да бийликке келиш үчүн башка мусулмандарды такыр аябаган.

Куран жана хадисти сырткы (захирий) маанисине карап амал кылышат. Куран аяттары жана хадистердин негизги мааниси менен максатына көңүл бурбайт. Элди шарият менен башкарабыз деп радикалдуу жолго түшкөн. Мурун сүрөт тартканга уруксат бербеген жана башкалар менен тынчтык сүйлөшүүлөргө анчейин жакындабаган Талибан акыркы учурларда бир кыйла өзгөргөндүгү маалым. Смартфондор чыккандан бери талибан согушкерлери коркпой эле бирин-бири сүрөткө тарта баштаган.

Талибан 2001-жылы бийликтен куласа да, 2006-жылдан азыркы күнгө чейин күчтөнүп келатат. Талибан өлкө ичиндеги АКШ жана НАТО аскерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылып келчү жана Ооганстандын башкаруусун өз колдоруна кайрадан алууну самаган. Талибандын максаты тек гана Ооганстандагы бийликти колго алуу болгону менен алардын диний түшүнүгү Ооганстандагы башка мусулман топторго жана коңшу өлкөлөргө коркунуч жаратат.

Ансыз деле Ооганстандагы этностук жана диний (сунни-шии) ажырым өлкө ичинде кайрадан ич-ара согушту туудуруу коркунучу бар. Кээ бир адистердин айтуусунда, Талибандын Борбор Азияга коркунучу жок болгону менен Ооганстандын ичинде эч кимге баш ийбеген, динди жамынган альКаида, ИГИЛ жана ушул сыяктуу террордук ишаракеттерге барган куралдуу топтор баары бир кооптонуу жаратаарын билдирет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости