www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Улуу Британия өз жарандарын Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мейманканалардан оолак болууга үндөдү. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 11-октябрда билдирүү таратып, анда америкалыктарды өзгөчө чет өлкөлүктөр көп конгон "Серена" мейманканасына барбай турууга чакырды жана буга "коопсуздукка байланыштуу коркунучтарды" жүйө болду.

"Серена" мейманканасындагы же анын жанындагы америкалык жарандар тез арада аймактан чыгып кетиши керек", - деп айтылат расмий билдирүүдө. Август айында "Талибан" Ооганстанды каратып алаар алдында эки жагы бекем тосмолонгон бул мейманканага көптөгөн чет өлкөлүктөр топтолгон.

Азырынча АКШ менен Британиянын соңку эскертүүсү тууралуу толук маалымат жарыялана элек. Буга чейин ооган өкмөтү кулап, талибдер бийликке келгенден бери Ооганстандагы бир нече кандуу террордук чабуул болуп, алардын көбүнө "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчиликти алган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости