www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футболдук союзу кезексиз жыйынында өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, эки сунуш берди. Сунушту КФСтин биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков окуду. Аны 27 делегаттын баары бир добуштан колдоого алган.

Биринчи сунушта футзал калысы Нурдин Букуевди дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлеген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. Ал эми экинчисинде Кыргызстанда футболду өнүктүрүү тууралуу документ кабыл алуу боюнча кайрылуу айтылды.

Эске салсак, бүгүн КФСтин кезексиз конгресси өттү. Анда уюмдун жаңыланган уставы кабыл алынып, Футболдук союздун жаңы президенти шайланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости