www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Жолдошбек Орозов менен шайлоонун шайтан оюндарындагы орун алчу айрым жагдайлар боюнча баарлаштык.
-Жолдошбек мырза, неге Сариев акыркы мезгилде позициясын тез өзгөрткөн саясатчылардын катарына кирип калды?
-Негизи Темир Сариев жөнүндө көп сөздөрдү айтса болот. Бирок, өткөн иштерин айтып жамандоонун кажети деле жок. Ушу маалда "Ата Мекен " партиясына кирип, кайра "Бүтүн Кыргызстан" партиясына барып, ал жерден да чыгып кетишинин жөндү себептери бар. Биринчиден, көз караштардын келишпестиги, экинчиден, ар кимиси өз позициясын башкача айтканда "мен" деген жеке амбицияларынан чыгалбастыгы, үчүнчүдөн, албетте орун талашуу... Ар кимиси өз адамдарын алдыңкы орундарга жылдыруу менен пикир келишпестик чыгып, ал жерден кетүүгө туура келди. Арийне, Темир Сариевдей такшалган саясатчынын ар кайсы партияны сүзгүлөп, ал жерден орун таппай кайсалаган келиндей жүрүш жасашы чынын айтайын элге жакпай калды. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт демекчи Текебаев жана Мадумаров Темир Сариевдин көз караштары, ой-толгоолору, жан-дүйнөлөрү бири-бирине такыр дал келбеген адамдар. Ошондуктан эки жактан тең көңүлү көмкөрүлүп, шабайы сууп сумсайып, Темикенин ыңгайсыз абалда турган учуру.
-Шайлоо башталбай жатып чыр чыгып, БШК жарандык коомдун өкүлдөрүнө толду. Бул шайлоо башка шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?
-Негизинен бул шайлоо мурунку шайлоолордон көп жагы менен айырмаланган шайлоо болот бир сөз менен айтканда, жабышкан илдеттен кийин жалпы элдин аң-сезими такыр бөлөк өңүткө бурулду. Башкача айтканда, кыргыз элинин бийлик бутактарына болгон көз караштары өзгөрдү. Албетте, бийликчил партиялар мурунку эле жөндөмсүз өз адамдарын батпай калгандан кийин ар кайсы партияларга өз жакындарын тыга башташты. Башында "Биримдик", "Кыргызстан", "Бир Бол" партиялары эле болсо, азыр козу карындай жабалактап, "Республика", "Замандаш", "Ыйман-Нуру" дагы бир-эки партия пайда болушу мүмкүн. Бул партияларда алдыңкы орундарга кээ бир эл билбеген жаңы жүздөрдү коюшканы менен биринчи ондуктан кийин кузгундай моюндарын койкоңдотушуп баягы эле эски жүздөр, эски шылуун жубарымбектер тизмеде тизилип турушат. Акчаларын тумандатып чачып, элди сатып алабыз деген менен абал такыр бөлөк өңүткө чукул бурулуп кетиши мүмкүн. Анткени, эл эски алдамчы, билимсиз, жөндөмсүз жүздөрдү каалабай турат. Дагы айтып кете турган нерсе бирине -бири карама каршы партиядагы мурунку депутаттар, атка минерлер тез табышып, көз караштар, турмушта ээлеген орду, жан- дүйнөсү дал келбесе деле жеке өз кызыкчылыктары үчүн жалгашып, жакындашып сиңип кетишти. Жогоруда белгилеп айткандай сен Россиячыл же сен Батышчыл, оңчүл, солчул, социалисттик, же дагы ушуга окшогон бөлүшү жок аралашып боткодой жуурулушуп калышты. Демек, Кыргызстанда идеялык биригүүгө эмес, жеке кызыкчылыкка багытталган бардак(чаржайыт) мамлекетти өнүктүрүүгө эмес, чөктүрүүгө багыталган капчыгы калың, көз караштары тайкы адамдардын ортосунда ат салыша тургандыгы маалым болуп калды.
Ар кандай чыр-чатактарды да ушулар чыгарышы толук мүмкүн. Бирок, бул бийликчил партияларга оппозициялык маанайда чыгып жаткан партиялар да бар. Алар канчалык деңгээлде элдин ишенимине кире алышат кеп мына ушунда же болбосо эл өнүгүүгө багытталган программасы бар, жаңы жүздөргө суусап турат. Деген менен элди үмүткөр кылган эл ичинен орун алып, аздыр-көптүр эл ишенимин алган партиялар жок эмес, ошолордун ичинде мамлекетти өнүктүрүү, башкаруу системасын өзгөртүү программасы менен чыккан партия атап айтсам "Мекен Ынтымагы" партиясы. Бир сөз менен айтканда Мекени үчүн күйүп, башын баталгага байлагандар бирикпесе алдым-жуттум шылуундар дагы алдап, элди, мамлекетти бушайманга салышы толук ыктымал. Кыргыз элинин алдында өз келечегин, балдарынын келечегин, мамлекеттин тагдырын чече турган уникалдуу шанс келди акчага сатылбай шумпайларды жолотпой өз дөөлөтүбүздү сактап калалы. Эгер мамлекетти сызга олтургузгандарды шайласак мамлекетти толук жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg