www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кең Азияда IV-кылымдык тарыхы бар кыргызды азыркы учурда боор көтөртпөй чет элдиктерге 4 млрд АКШ долларына барбар акчага карызга батырган бийликтеги азыркы муундун ач көздүгү! Кечөө 2017-жылы 16-февралда “Марал” радиосунда 1 саат бою “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасыдагы кадр маселеси боюнча маек куруп, угармандардын суроолоруна жооп бердик. “Кыргыз көмүр” ишканасын бутка тургузган, “Кара-Кече” көмүр кенинде 2 жыл ичинде 200 миң тонна көмүр өндүрүгөн мыкты кадр М. Жакыповду 2016 ж. иштен бошотуп, бийликтегилер жаңы директорлукка кесибине, тажрийбасына карабай эле, ачкөздөрдү дайындашкан.
“Кыргыз көмүргө” КР ЖК “Кыргызстан” фракциясы “квотосу менен” Т. Бокошев, М. Жаманбаев дегендерди директорлука алып барды. Дагы эл ЖК “Кыргызстан” фракциясы кесиби курулушчу, “АЮ” компанияында иштеген Ж. Жунушев дегенди түртүп жатышат. Өйдөтөгү Т. Бокошев деген да “АЮ” компаниясында кароол кызматында иштептир.
“Кыргыз көмүргө” 6 ай директор болуп ишканага 30 млн. сом зыян кылып, эч жоопко тартылбай баса берген экен. Бул ишке Жумгалыктардын кабатыр болгону мыйзамдуу көрүнүш. Себеби, “Кара-Кече” көмүр кени мамлекеттик болгон менен КР “Жер кодексти”, КР “Кен байлыктар мыйзамы” боюнча жердин ээси Жумгал району, анын эли.
Ошондуктан, мыйзам боюнча көмүр кенинен түшкөн кирешенин 3% Жумгал районунун бюджетине берилет. Жумгалдыктар “Кыргыз көмүргө” директорлукка “өз балабызды дайындап бергиле!” деп жаткан жок, иш билгини дайындагыла” деп жатышат. Мисалы, “Кыргыз көмүрдө” 6 жыл иштеген, тоо-кен тармагы боюнча билими бар, жери Түп районунан болгон К. Ашырбаевди же кен-тармагында тажрийбасы бар, жери Нарын районунан болгон, эл менен тил табыша билген Н. Бекжановду “Кыргыз көмүргө” директорлукка дайындап бергиле деп Өкмөттөн суранып жатышат. Азыр, “АЮ” компаниясыда иштеген ЖК “Кыргызстан” фракциясына талапкер болуп жаткан Ж. Жунушев. атаандаштар К. Ашырбаев, Н. Бекжановдор.
“Кыргыз көмүргө” мунун (менин) кандай тиешеси бар!” деп ойлоорсуңар. 2010 ж. 7-апрелиндеги кандуу окуядан кийин “Кара-Кече” кайрадан талоончулукка түшпөсүн!” деген максатта түзүлгөн коомдук комитеттин башында мен турган элем. Ошол кезде мыкты жигиттер “Кара-Кечени” 2 ай кайтарышты, биз Бишкекте аларга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп турдук.
Жолдошбек Токоев, журналист
Булак: NazarNews.kg