www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошбек Токоев: "Шермендечилик!"

Шермендечилик! Бүгүн, 10-июнь күнү жарандарга СМС жибергенде Өкмөт "Манастагы" төрт сап ырды түзүктөп жаза албаптыр. СМСте мындай жазылган:

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

Бөлүндү кыргыз эми деп,

Бөтөн элге кеп кетет.

Эми манастага айтылган ыр туурасы мындай.

Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө,

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.

Бөлүндү кыргыз эми деп,

Бөтөн элге кеп кетет.

Ошентип, жегенге көнгөн өкмөт: “Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө” деген башкы сапты жеп жибериптир! Ишенбесеңер төмөндө скриншопту карагыла. Дагы “бөрү” дегенди эки өө тамгасы менен “бөөрү” деп жазышыптыр. Мына өкмөттүн денгээли.

Жолдошбек Токоев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости