www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келери аптада КСДПнын сьезди Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкерлиги боюнча 17-июлда КСДПнын саясий кеңешинин чечимин бекитиши мүмкүн. Бирок, үч жылдан кийин кайрадан парламенттик шайлоодо КСДП шайлоочулардын теңинин добушунан кур жалак калып, парламенттен мандат ала алышпай “Ар-Намыс” партиясы сыяктуу "аутсайдер" болот.
Демек, шайлоодо Сооронбай Жээнбеков жеңип чыкса өзүнө таандык Курманбек Бакивдин “Ак Жол” сыяктуу партия түптөйт да, ар кандай интригаларды уюштуруп азыркы ЖК таркатып жибериши мүмкүн. Анын үстүнөн Сооронбай Жээнбеков КСДПнын “бийликке биз алып келгенбиз!” деген дооматынан, колкосунан кутулууну көздөйт. Азыр Кыргызстанда партия түзүү “бука куугандай, кунаажын туугандай” эле кеп деген пикирин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты Жолдошбек Токоев.
Булак: NazarNews.kg
Сүрөттө: Жолдошбек Токоев