www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле өткөн Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу талаштар уланууда. № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Жылдызкан Жолдошова жана № 9 округдан аттанган Ыргал Кадыралиева Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко даттанышты.
Жылдызкан Жолдошова шайлоочулардын көпчүлүк добушун алып, аялдар квотасы аркылуу Жогорку Кеңешке өтмөк. Бирок округдук шайлоо комиссиясы № 5514 жана № 5249 участкаларында мыйзам бузуулар аныкталганын жүйө кылып, бул участкалардын жыйынтыгын жокко чыгарган. Натыйжада жалпы добуш берүү жыйынтыгы өзгөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржамал Торобекованы депутат деп тааныган.
Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин жокко чыгарууну талап кылып Административдик сотко кайрылган, бирок сот БШКнын позициясын колдогон.
Ушундай эле жагдай № 9 округдагы талапкер Ыргал Кадыралиевага да тиешелүү болуп, ал да шайлоо жыйынтыгын сот аркылуу кайра кароону талап кылууда.
Мындан тышкары, № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Эльдар Абакиров да шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКнын чечимин сот тартибинде талашып жатканы маалым болду.
Бул окуялар 2025-жылкы шайлоонун жыйынтыктары коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугу жана мыйзамдуулугуна күмөн жараткан талкууга жем таштады.