www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-февралда Ысык-Ата РИИБге Люксембург айылындагы үйдө 1992-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, экөөнүн спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкенин, кесепетинен келин жолдошунун төшүнө бычак сайганы аныкталган. Жаран ошол жерде көз жумган.
1998-жылы туулган келин камакка алынган. Тергөө уланууда.