www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолду чаң соргуч менен тазалаган аялдын видеосу талкууга алынып, себебин билгенден кийин кечирим сурашууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  көчөнү чаң соргуч менен тазалап жаткан аялдын видеосу интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, андагы каарманды бири писихикалык жактан жабыркаган десе, экинчиси баңгизат колдоно турганына чейин божомолдошкон.

Бул видеодон өзүн көрүп калган аял социалдык тармактардын колдонуучуларына жооп кайтарган. “Мен жинди эмесмин, баңгизат да колдонбойм. Болгону башка адамдардын коопсуздугуна кам көрдүм. Мындан бир нече күн мурун менин токтоп турган автоунаамды башка унаа катуу сүзүп алып, унаанын терезелери сынган. Эч ким бул сыныктардан жаракат албасын деген ойдо чаң соргуч менен тазалагам”,- деп билдирген

Ал эми, аялдын бул аракетинин себебин билгенден кийин шылдыңдаган адамдардын көбү кайрадан кечирим сурап, ал тургай ага жаңы автоунаа салып берүүгө акча топтой башташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости