www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калайык-калкты коркунучка салган, эң эле мүшкүл нерсе бул жолго төлөнө турган тариф болуп эсептелинет. Эгер жолдун наркы көтөрүлсө, анда бардык товарлар ээ-жаа бербей өсүп кетиши ыктымал. Муну туура түшүнгөн азыркы бийлик айдоочулар жолдун наркын эки эсе көтөрүп бергиле деп чыккан учурда, иштесеңер ушул баа менен иштегиле, иштебесеңер кеткиле деп, мурунку бийликтегидей болуп, айдоочулар митингге чыкса эле жолдун тарифин көтөргөн жок. Бирок эмнегедир акыркы мезгилде Балбак Түлөбаев,  Мавлян Аскарбеков деген азыркы бийликке жагына албай турган Бишкектин атка минерлери чыкты. Булардын ой-пикирлери боюнча жаңы сатып алынган автобустарды накта акчага эмес, келечекке карыз алгандыктан жол акысын көтөрүшүбүз керек экен. Алардын оюу боюнча автобусту сатып алган акча каражаты али чечиле элек экен. Автобусту чыгарган заводдор менен,мейли Казакстан,Өзбекстан, Белорусия болсун келишим түзсөк, ал заводдор бизге 3-5 жылга чейин автобустарды насыяга берет имиш. Ошондо азыркыдай 100 гана автобус эмес, эки жылга кенен эле, 500 автобус сатып алсак боло тургандай. Эгер жолдо жүрүү тарифин 15-20 сомго көтөрсөк шаардыктар ыңгайлуу, жаңы автобустарды сатып алса болот экен. Ушундай жол менен де жол жүрүү тарифин көтөрүп гана каржылоо маселесин Бишкек мэриясы чечип алат имиш. Бул атка минерлер да Бишкек мэриясынын каймагын калпып “ооз тийип” калгандай. “Таппасаң сыйпалап кал” Атамбаев мезгилинде Балбак Түлөбаев менен  Мавлян Аскарбеков автобустар менен жылаңайлак жүрүшчү эмес беле,эми кымбат баалуу унаага отурушкандан бери, элдин жол жүрүү акысы көтөрүлөбү баштары деле оорушпайт да.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости