www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Режеп Тайип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбул Имам Хатип Лицейин бүтүргөн. Сабактардын айырмасын тапшыруу үчүн экзаменден өтүп Эүп Лицейинин дипломун алган. Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайын 1982-жылы бүтүргөн.
Саясатка чейинки кызматтары
1969-1982-жылдары профессионал эмес футболист болуп ойногон. Ошол эле мезгилде жаш идеалист катары мамлекеттин ишине жана коомдук маселелерине кызыгып Режеп Тайип Эрдоган саясат менен алектене баштаган. Лицей жана университетте окуган мезгилинде Улуттук Түркия окуучуларынын биримдигинин студенттер бөлүмдөрүндө иштиктүү түрдө милдет аткарган Режеп Тайип Эрдоган, 1976-жылы Улуттук Саламат партиясынын Бейоглу жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына жана ошол эле жылы Улуттук Саламат Партиясынын Стамбул жаштар бөлүмдөрүнүн төрагалыгына шайланды. 1980-жылына чейин бул кызматтарды аткарган Эрдоган, “12 сентябрь” учурунда саясий партиялардын жабылышы менен менчик сектордо кеңешчи жана жогорку деңгээлдеги башкарма болуп иштеди.
Саясатка келиши
1983-жылы түзүлгөн Берекет партиясы менен чыныгы саясатка кайтып келген Режеп Тайип Эрдоган 1984-жылы Берекет Партиясынын Бейоглу райондук жетечиси, 1985-жылы Берекет Партиясынын Стамбул областтык жетекчиси жана Берекет Партиясынын Чечим кабыл алуу жана башкаруу борбордук уюмунун мүчөсү болду.
Стамбул облустук жетекчилик кызматында башка партиялар үчүн да үлгү болгон жаңы бир уюмдук түзүлүштү өнүктүргөн Эрдоган, бул мезгилде, айрыкча аялдар жана жаштардын саясатка катышуусун арттырууга багытталган иштерди жасады. Саясаттын негизин кеңейтип, калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу, мартабага жетүү жолунда маанилүү кадамдарды жасады. Бул түзүлүш, Берекет Партиясынын өкүлү болуп 1989-жылы Бейоглу жергиликтүү шайлоодо чоң ийгиликке жетишкенде, жалпы журтка жана партиялык иштер үчүн да үлгү жаратты.
1994-жылы 27-марттагы жергиликтүү шайлоодо Стамбул шаардык бийлигинин төрагасы болуп шайланган Режеп Тайип Эрдоган саясий жөндөмдүүлүгү, командалык ишке маани берүү, адам ресурстары жана каржы тармагын ийгиликтүү башкаруусу менен, дүйнөнүн эң маанилүү метрополдорунун бири болгон, Cтамбулдун маселелерин аныктап туура чечим чыгарды. Муниципалитеттин булактарын туура колдонуу жана паракорчулукту алдын алууга багытталган чукул чара көргөн Эрдоган, 2 миллиард доллар карызга малынган Стамбул муниципалитетинин карыздарын төлөдү жана 4 миллиард доллар инвестицияны ишке жумшады. Түркиянын муниципалитет ишинин тарыхында жаңы жол ачкан Эрдоган, бир тараптан башка муниципалитеттерге үлгү болду, экинчи тараптан калктын ишенимине ээ болду.
Режеп Тайип Эрдоган 1997-жылы 12-декабрда Сииртте элге кайрылуу учурунда бир китептеги (Улуттук билим берүү министрилиги тарабынан окутуучуларга сунуш кылынган жана мамлекет уюму тарабынын чыгарылган) ырды окугандыгы үчүн түрмө жазасына тартылган жана Стамбул шаардык бийлигинин төрага кызматынан алынды.
Режеп Тайип Эрдоган түрмөдөн чыкканда коомдук пикирдин талабы менен жана өнүккөн демократиялык процессинин бир жыйынтыгы катары 2001-жылы 14-августта жолдоштору менен Адилет жана Өнүгүү Партиясын (АК Партиясын) түздү жана уюштуруучу кеңеши тарабынан АК Партиянын Төрагасы болуп шайланды.
Премьер министриликке келиши
АК Партияны түзүлгөн жылынан баштап эле Түркия элинин колдоосуна ээ болгон саясий кыймылга айлантты жана 2001-жылы жалпы шайлоолордо парламенттин үчтөн эки бөлүгүн түзгөн көпчүлүк менен бийликке жеткирди. Тийиштүү соттун чечими болгондуктан 2002-жылы 3-ноябрдагы шайлоолордо депутатыкка талапкер боло албаган Эрдоган, мыйзамга түзөтүү киргизилгенден кийин, депутатка талапкер болууга мыйзамдык тоскоол жоюлушу менен, 2003-жылы 9-мартта Сиирт аймагынан шайлоого катышты. Бул шайлоодо добуштардын 85% алган Эрдоган, 22-чи мөөнөттөгү Сиирттин депутаты болуп парламентке кирди. 2003-жылы 15-мартта Премьер-министр ишине киришкен Режеп Тайып Эрдоган, бир канча реформалардын пакетин кыска мөөнөттө ишке ашырды.
Режеп Тайип Эрдоган Европа Биримдигине кирүү процессинде өлкөнүн ийгиликтүү ишкердүүлүгүнө кошумча катары рационалдуу тышкы саясат жана жыш катышуу менен Кипр маселеси боюнча туруктуу чечимге келүү жана дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрү менен натыйжалуу байланыштарды өнүктүрүү багытында маанилүү кадамдарды жасады. Түркиянын соода көлөмү жана саясий күчү, жайгашкан географиялык чөлкөмдө гана эмес, эл аралык чөйрөдө да көзгө урунаарлык деңгээлге артты.
Режеп Тайип Эрдоган 2007-жылы 22-июлда жылпы шайлоолордо 46,6% добуш менен чоң жеңишке ээ болуп АК Партиянын Төрагасы катары Түркия Республикасынын 60-чы өкмөтүн түздү жана кайра ишенимине ээ болду.
Президенттикке келиши
Эрдоган 2014-жылдын августуна чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган, андан кийин Түркиянын биринчи улуттук шайлоосунда президенттикке ат салышуу ниетин билдирген, анткени буга чейин түрк мамлекетинин башчысы эл тарабынан эмес, парламент тарабынан шайланган. Ал ишенимдүү түрдө аларды жеңип, дээрлик 52% добушка ээ болуп, өлкөнүн биринчи жалпы улуттук президенти болуп калды.
Эрдоган Түркияны башкарып келгенине быйыл 6 жылдын жүзү болду.
Режеп Тайип Эрдоган үй-бүлөлүү жана 4 баланын атасы.
Булак: NazarNews.kg