www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алжирде адамдардын тобу токой өрттөгөн деп шек санаган адамды өздөрү жазалашты. Ошол учурдагы видео тарагандан кийин прокуратура текшерүү иштерин баштаганы белгилүү болду.
«France 24» телеканалынын маалыматына таянсак, окуя өрттөн көбүрөөк жабыркады делген Тизи Узу районундагы Ларбаа Натх Иратен аймагында болгон. 38 жаштагы эркек киши өрткө шектелип полиция кызматкерлери тарабынан кармалганын билген жашоочулар топтолуп, аны көчөгө алып чыгышкан. Алгач аны сабап, андан кийин өрттөп жиберишкен. Аны коргоп калууга аракет кылган полиция кызматкерлери да жаракат алганы белгилүү болду.
Көз жумган Бен Исмаил кечээ кечинде өзүнүн айылы Хемис-Милианада жерге берилди. Бул аймак Алжирдин батышында 115 чакырымда жайгашкан.
Өлкөдөгү укук короочу уюмдар мындай баш аламандыкты тез арада иликтеп, күнөөлүү тарапты жазага тартуу чакырыгын таштап жатышат.
Алжирде токойдогу өрт бир нече күнгө созулуп, анын кесепетинен 71 көз жумганы айтылган. Алардын арасында 28 аскер кызматкери бар. «Аль-Жазира» телеканалы тараткан маалымат боюнча, полиция токой өртүнө шектүү деп жалпы 22 адамды кармады.
Булак: NazarNews.kg