www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун жоопкерчилигин кароо үчүн парламентке кайрылган. Атайын комиссия түзүү менен депутаттык кол тийбестигин алууга уруксат берүү машакаты турат.

Айрым эл өкүлдөрү коомчулук астында пиар жасашып, “чырылдамыш” этти. Алар да “учётко” коюлуп атыптыр. Мындай жагдайда Мадумаровдун чыйпыйы чыгып, бирок сыр билгизбей, аныгында, камалып кетүүдөн коркуп, өзгөчө түндүк катмардан таяныч издегени байкалды.

Түрмөдөгү Алмазбек Атамбаевге үзөңгүлөшү Исхак Масалиевди жөнөтүп, Чүйдүн балдарынан кабар алганы, ортодон Темир Сариевдин түлөөсүнө жетип барганы, айтор, арканды алыс таштаганга аракетин баштаптыр.

Жогорку Кеңештен “тегерек үстөл” уюштуруп, ал жерге оппозиция өкүлдөрүн, жарандык коомдун долу аялдарын топтоп, өзү төрдө отуруу менен “коштошуу кечесин” жасагандай...

Көмүскөдөн Мадумаров тарапташтарын радикалдаштырууга үндөп, бийликтин кадамына жараша жооп кайтаруу вазыйпасына токтолушканы кандай? Камалып кетсе төңкөрүш жасашабы? Бул жагынан катуу иштеп жатышса, аягы эмне менен бүтөт?

Кыскасы, Адахан Мадумаров бийликтен куугунтук жеп аткан адамдай көрүнүп, пиарды күчөтүп, оппозициянын көч башындагы лидер катары өзүн сыпаттап, алдыга умтулууда.

Түпкүлүгүндө бийликти саясый өңүттөн утуп алууга баратат. Ошол эле кезде президент Садыр Жапаровду жапатырмак каралоого алышканы жашыруун эмес. Тийешелүү аткаруу органдары бул жагынан аксашып, утулуу кезеңине кабылгандай.

“Жоо аяган жаралуу” дегендей, Мадумаровду эркелетүү менен жалтактай беришсе, акыры башка муш болуп тийбейби? Камакка алынбаса каарып жеп, жазда, анан күздө калайманды салбайбы?

Айтор, жакшы эмес. Бийлик ашкере “гумандуулук” кылууда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости