www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоокерлердин бир күнү кандай өтөт

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы  Жалал-Абад колледжинин студенттери Көк-Жаңгак шаарындагы 52870-аскер бөлүгүнө барып, жоокерлердин бир күндүк жашоо турмушу менен таанышып кайтышты. Бул тууралуу колледждин директору Бариса Турдубаева билдирди.

Анын айтымында,жаштарды мекенчилдик сезимге тарбиялоо боюнча бир катар иш-чаралар пландаштырылып, анын алкагында аскер бөлүгүнө студенттердин атайын баруусу уюштурулду. Алар  жоокерлердин жашоосу жана күнүмдүк турмушу менен жакын танышып,Көк-Жаңгак шаарындагы 52870-аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен баарлашып катышты.

Жоокерлер өздөрүнүн күнүмдүк жашоосу, курал-жабдыктар тууралуу кеп салып беришсе, студенттер өздөрү даярдап барган концерттик программасын тартуулоо менен жоокерлерге жакшы маанайтартуулашты.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад колледжинде 18 адистик боюнча 2700дөн ашуун студент билим алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости