www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-июнь күнү - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Балдар үйүнө ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жардам көрсөттү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь кыштагындагы Жоомарт Бөкөмбаев атындагы №1 Балдар үйүнө башкармалыктын өздүк курамынын атынан накталай акча каражаты топтолуп, балдар үчүн эң керектүү окуу куралдары (түстүү калем, ручка, альбом, топ ж.б.у.с.) сатып алынып, Балдар үйүнө жеткирилип берилди.
Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь кыштагындагы Балдар үйүнүн эмгек жамааты жана окуучулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысына жана өздүк курамына жалаң эле өзгөчө кырдаалдардан куткаруу менен гана алек болбостон, кайрымдуулук иштерин да унутта калтырбаганына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg