www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң муштумдугу менен таанымал Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун айылдаштары менен жыйын өткөрүп, карапайым жарандарды каарып, кекетип-мокоткону тууралуу маалымат сайггарында тасма жарыяланды.

Ал тасмада Абдраимовго: "Сиз бул кызматка эмне максат менен келдиңиз, ушуну айтыңызчы?" - деген маселе кабыргасынан коюлат. Ага чычалап, кызаңдаган облус башчысынын:

"Эркиңер барлар чыккыла, любоюң менен сүйлөшөм, эркекче. Мен 27 премьер-министр менен иштедим. Эл үчүн таза, калыс болдум. Эгер мен мыйзам бузсам, мени Акаев дагы, Бакиев дагы, Атамбаев досум дагы камамак. Мени коркута албайсыңар. Мени убагында Рыспек Акматбаев атам деп коркутканда, мен аны жиберчү жагына жиберип койгом" - деп кыйкырып жатка-нын көрүүгө болот.

Мансабына таянып, жөнөкөй адамдар менен мушташкысы келген жоругуна, деңгээлине баракелде дегенден башка арга жок.

Айтмакчы, Абдраимов күздө Мухаммедкалый Абулгазиевдин ордуна премьер-министр болот экен деген кептер жүрүүдө. Эгер имиштер чынга айланып кала турган болсо премьерге тунатэкенбиз...

Булак: "Фабула"

Последние новости