www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда жасалма 30 миң доллар акча иштеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирген эле. Ошол окуядан бери социалдык тармактарда кылмыштуу топтун мүчөлөрү талкууга түшүп, “уюшкан кылмыштуу молдолор” деген кескин сындар айтылууда.
Эске сала кетсек, 16-февралда кылмышка шектүү үч киши кармалган. Алар 1986-жылы туулган Х.М., диний уюмдун мүчөсү, 1982-жылы туулган К.Н., 1971-жылы туулган К.Б. 100 долларлык номиналдагы жалпы суммасы 30 000 долларды түзгөн жасалма акча менен колго түшүшкөн.
Такталган жасалма акча купюралары коңшу өлкөлөрдүн биринде жасалып келген. Аны Кыргызстанга алып келип иштетип, жасалма 10 миң доллардын ордуна 4500 доллар чыныгы акчага накталай алмашышмак. Жасалма акчаны чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүшкөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен кармалгандар Оштогу УКМКнын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg