www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул сүйүшкөн жуптардын окуясы “сүйүктүүң менен алачыкта жашоо да бейиш” деген макалды тасыктайт. Бирок, бул сүйүшкөндөр алачыкта эмес, канализацияда жашашат. Алар кай жерде, кантип эмес – башкысы ким менен жашоо манилүү экенин далилдешти.
Бул МигельРестрело жана анын жубайы Мария Гарсия. Улгайган жуптар Медельинде жашашат. Бул Колумбиянын түндүгүндө жайгашкан шаар. Ал калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи шаар, бирок анын атагы буга байланыштуу эмес. Ааламга белгилүү Медельин баңги картели тууралуу көпчүлүк жакшы билет. Анын башчысы легендарлуу кылмышкерлердин бири Пабло Эскобар болчу.
Бул өлкөдө Эскобар поп-идол болуп саналчу: ал жөнүндө фильмдерди тартышат, ага ырларды арнашат, бардык жерде анын сүрөтү түшүрүлгөн футболкалар сатылат. Пабло капкачан эле атышуудан каза болгонуна карабай, Медельинде аны азырга чейин эстешет жана сүйүшөт.
Мунун баары анын шаарды арзан баңгизаттар менен камсыздаганы үчүн. Мигель Рестрело менен Мария Гарсия так ошол Эскобарга таандык дилерлерден баңгизатын сатып алып жүрүп таанышып калышкан. Кездешкен учурда алар жетерине жете баңги болуп бүтүшкөн эле, ошондуктан бири-бирисиз тура алышмак эмес. Бирок аларды сүйүү куткарып калды, сүйүүнүн шарапаты менен гана жаштар өздөрүнүн арзан баңгизатка болгон ышкысын жеңе алышкан.
Айланада баары өзгөрдү, жуптар дүйнөгө башкача көз менен карап көрүштү. Көз карандылыктын жылдарында жаштар баарын жоготуп алышкан болчу: досторунан баштап үстүндөгү үйүнө чейин. Эч арга калбаган, ошондуктан жуптар канализациялык чуңкурчага жайгашууну чечишет. Ошондон бери алар 22 жыл бою ушундай үрөй учурган шартта жашап келишет.
Алардын “үйү” алтымыш беш чарчы метр, бийиктиги төрт метр келет. Ушунча узак убакыт бою жуптар турак-жайына сыналгы, шкаф, радио жана эски болсо да керебет коюп, шарт түзүп алышкан. Мигель вентилятор таап келип, анынжардамы менен аялы экөө Колумбиянын мээ кайнаткан ысыгында салкындап калышкан.
Душ көйгөйүн азырынча чече элек, бирок буга карабай, алар күн сайын чакадагы сууга жуунуп, тазалыкты жакшы сакташат. Эгер күн бузулуп жаан жаачу болсо, Мигель үйүнүн “дарбазасын” фанерадан жасалган атайын капкак менен жаап коёт. Арийне, ушундай оор шартка карабай сүйүшкөндөр башка жакка көчүүнү каалашпайт, аларга баары жагат.
Жергиликтүу бийлик аларга бир нече жолу жакшы шарттарды сунушташкан, бирок Мигель да, Мария да иштөө, салык төлөө жана тамак-аш сатып алуу үчүн өтө картайып калышкан. Бирок, Мигель менен Марияны бекерчи деп ойлобоо керек. Жакынкы кезге чейин Мигель рециклист болуп иштечү, бирок саламаттыгына байланыштуу жумушунан бошонууга туура келген.
Жубайлар алардын тагдырына кайдыгер эмес адамдардын жардамына гана таянышат. Аларга көбүнчө тамак-аш жана биртке тыйын-тыпыр алып келип берип турушат. Абышка азырынча ушул жетет дейт. Татаал шартка карабай Мигель менен Мария чындыгында бактылуу, өзгөчө бирге жашашканына.
Мигель баңги затка көз карандылыктын тозок экенин, а алар болсо чындыгында бейиште жашаарын моюндайт. Чуңкурдун жанында жуптар чакан бакча жасап алышкан, ал жерде жадагалса арча да бар, аны сүйүшкөндөр Жаңы жылга карата кооздошот.
Мурда айтылгандай, Мария менен Мигелдин тирилигинин негизги булагы – колумбиялык кайрымдуу коңшулары. Бул жерде элдер жакыр жашашса да, алардын жүрөктөрү кенен жана жан дүйнөсү таза. Жакында эле Мария үйүнө ит ээрчитип келип, жуптар аны Блеки деп атап алышты.
Мигель баары жакшы болот деген ишеничте. Ал колдо бар нерсеге каниет кылып жашаш керек деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg