www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жуктургандардын саны 500дөн ашты. COVID-19 боюнча жаңы статистика

Өткөн суткада коронавирус 526 кишиден табылып, 303 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 232;

Ош шаары – 101;

Чүй облусу – 43;

Ош облусу – 63;

Талас облусу – 5;

Нарын облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 25;

Жалал-Абад облусу – 31;

Баткен облусу – 17.

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 109 193кө жетти. Анын ичинен 102 018 адам дартты жеңген.

Айыккандар:

Бишкек шаары – 176;

Ош шаары – 22;

Чүй облусу – 46;

Ош облусу – 13;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 23;

Жалал-Абад – 8;

Баткен облусу – 3.

Кечээтен бери коронавирустан жети адам көз жумган. Алардын ичинен алтоо Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 876 киши каза тапты.

Учурда ооруканаларда 1 921, үйдө 2 323 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 568 кишинин абалы оор, 81 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости