www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумабек Салымбековго оомат оойбу?

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы  Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматына секирик жасады.

Коомчулук кайран жигиттин кыргыз тилин эжелеген Азис Суракматовду мэр кылууга буту үзүлгөнчө чуркаганынын акыбети кайтыптыр дешип шыпшынды.

Эми Кененбаевдин ордуна төрага болуп Жумабек Салымбеков келиши мүмкүн экени айтылууда.

Жумабек мырза Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Маамытбай Салымбековдун уулу, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун күйөө баласы, “Дордой базарынын” башкы жетекчиси жана ага ээлик  кылгандардын катарын толкутайт.

Булак: "Фабула"

Последние новости