www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди.

Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости