www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эбак чечилил калган маселени элдин алдына ачык айтпай, бүдөмүктөнтүү саясатчылардын анык иши эмеспи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты.

Журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам боюнча депутаттар өздөрү гана чече аларын белгиледи.

Ошол эле учурда спикер жаңы парламентке азыркыдан да мыкты, иштермандар келет деп эч ким кепилдик бере албастыгын кошумчалады. Буга чейин айрым маалымат каражаттары «учурдагы парламент мөөнөтүнөн мурун тарашы мүмкүн» деп жазып чыгышкан.

Депутаттар бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтып келе жатышат. Арийне, саясый аба ырайы бул парламент көпкө жашабастыгын эбак эле айтып койгон. Муну түшүнүп турса да Жумабеков жомоктон чыга албай аткандай…

Булак: Майдан.kg

Последние новости