www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Универсал эксперт Жумакадыр Акенеевдин кен казган фирмасы Нарында 8,5 млн сом карыз болуп отурат. “Аканай” ЖЧКсы Нарындын Чек-Нура айыл аймагындагы “Бугулу-Төр” кенин иштетип жатканы үчүн (платеж за удержание лицензии) казынага 8 млн 540 миң 882 сом төлөмүн төлөбөй келет. Бул төлөм 2017-жыл үчүн (365 күн) эсептелген карыз. “Аканай” фирмасы айтылуу универсал эксперт, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Жумакадыр Акенеевге таандык. Фирмага аны менен кошо кореялык Чжан Цзинь жана Келиму Абулайт аттуу чет элдик адамдар ээлик кылышат.

Алтын, күмүш жана башка баалуу таштар өндүрүлгөн аталган кен Ж.Акенеевдин колуна кантип тийип калган? Жумакадыр Акенеев корей бизнесмендери менен тыгыз иштешет, Кыргызстандагы “Түштүк Корея” экономиканы өнүктүрүү фондунун жетекчиси. 2013-жылдын аягында Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореяга иш сапары менен барып, ал жактын президенти Пак Кын Хе менен жолугушуп келген. Делегациянын курамында болгон өздүк булактардын айтымында, ал жакта кыргыз ажосуна астыртан жүз миңдеген жашылбайлар берилип, Кыргызстандагы тоо-кен объектилеринен корей ишкерлерине да кайрылышып коюуну өтүнүшкөн. Корей ишкерлери менен тыгыз кызматташып, алар менен бир нече фирмаларды чогуу иштеткен, бизнес кызыкчылыктарын калкалап келген Жумакадыр Акенеев мындай ыңгайлуу шарттан пайдаланып “Аканай” фирмасына корей ишкерин кошуп ала коёт да, 2014-жылы Нарындагы алтын кенине лицензия алган.

Лицензиянын төлөмү үчүн бюджетке төлөнүүчү милдеттүү салымынан 2014-2015-жылдары 1,7 млн сом кириштеген болсо, 2016-2017-жылдарга 8,5 млн сом карыз болуп, бул сумманы төлөөдөн ар кандай шылтоолор менен кыйгап келатканын айтышат.

Жумакадыр Акенеевде ондон ашуун фирмалары бар. Алардын басымдуу көпчүлүгүн Кореялык жарандар менен чогуу түзгөн. Уулдарына да 7 фирма катталган. Жумакадыр Асанкуловичтин кайсы бийлик болбосун “дүжүр экспертине” айланып, далысын таптап келатканынын сыры жеке өзүнүн бизнестерин калкалаган кызыкчылыктарында экени анын фирмаларынын ишмердигинен эле баамдоого болот. Жумакадыр Акенеевдин корей ишкерлерине көп учурларда “крыша” боло коюп жүргөнү маалым. Ошондуктан, өнөктөштөрүнүн жана өзүнүн ийгилиги үчүн бардык бийликтердин коюн-колтугунан орун алып, эксперттик одаларды айтып туруу анын милдети катары саналаары жана алардын элден мурда жеке капчыктын муктаждыгынан улам жаралган ыкма десек болот.

1

"E.P.I. CO LTD" ("И.Пи.Ай. КО ЛТД") ЖЧКсы

Акенеев Жумакадыр

1) Ан Кюнг Санг

2) Акенеев Жумакадыр

2

ОАО "Акционерный инвестиционный фонд без обязательства выкупа эмитированных им акций по требованию акционеров "Южная Корея" (ИУ-Корея)

Акенеев Жумакадыр

1) Ким Санг Ю

2) Усубалиев Азамат

3) Акенеев Жумакадыр

3

"E.D.C." (И. Ди. Си) ЖЧКсы

Акенеев Жумакадыр

1) Ким Биюнг Хиюн

2) Акенеев Жумакадыр

4

ОАО “Акционерный инвестиционный фонд без обязательства выкупа эмитированных им акций по требованию акционеров компании “Южная Корея”

Акенеев Жумакадыр

1) Ким Биюнг Хиюн

2) Йюн Доег Сон

3) Акенеев Жумакадыр

5

"Центр развития экономики "Южная Корея" ЖЧКсы

Акенеев Жумакадыр

1) Чой Чжон Гиль

2) Кваки Хюнки

3) Ри Сун Ву

4) Акенеев Жумакадыр

6

“Дорекомс” ЖЧКсы

Давлетбаев Эрмек

1) Давлетбаев Эрмек

2) Эргешова Мухабат

3) Акенеев Жумакадыр

4) Досаев Ренад

5) Дениев Сайд-Хасан

7

ОЮЛ “Ассоциация Нефтетрейдеров”

Акенеев Жумакадыр

1) “Датка-Петролеум” ЖЧКсы

2) “ТяньШань Нефтяной” ЖЧКсы

3) “Фонэкс” ЖЧКсы

4) “Санар” ЖЧКсы

8

“Белорусь-Кыргызстан-Россия” КБ

Акенеев Жумакадыр

 

9

“РАДЭТ” ААКы

Акенеев Жумакадыр

 

10

“Marriage” ЖЧКсы

Акгюн Муаммер

1) Акгюн Муаммер

2) Акенеев Жумакадыр

11

“Global C.E.C. LTD” ЖЧКсы

Ким Бён Хён

1) Рю Синхо

2) Квон Ик Сун

3) Ким Бён Хён

4) Акенеев Жумакадыр

12

“Самджук” ЖЧКсы

Молдокулов Самудин

1) Ман Чун Сяу

2) Сун Сянюань

3) Ай Чанцзян

4) Чжан Цзинь

5) Молдокулов Самудин

6) Акенеев Жумакадыр

13

“Аканай” ЖЧКсы

Чжан Цзинь

1) Келиму Абулайт

2) Чжан Цзинь

3) Акенеев Жумакадыр

14

“Комсомол” сасий партиясы

Сарымсаков Руслан

1) Сарымсаков Руслан

2) Акенеев Жумакадыр

3) дагы 11 киши

15

“Экспертный центр “Далил плюс” КБ

Оторбаева Асель

1) Акенеев Жумакадыр

2) Сариев Марс

3) Оторбаева Асель

 

Уулдары Эрмек жана Азамат Акенеевдерге катталган фирмалар

1

"Фонд развития американского футбола в ЦА регионе" КФ

Алтын уулу Назын

1) Алтын уулу Назын

2) Акенеев Эрмек

2

"Chang Telekom" ЖЧКсы

Акенеев Эрмек

1) Ким Нам Янг

3

“Ntel” ЖЧКсы

Субанбеков Айдар

1) Акенеев Эрмек

4

“Pinta Company” ЖЧКсы

Алышбаев Жанат

1) Ниязбакиев Шухрат

2) Сарыгулова Зина

3) Акенеев Азамат

4) Алышбаев Жанат

5

"Estadio" ЖЧКсы

Цой Михаил

1) Цой Михаил

2) Акенеев Азамат

6

1) “Dixanet” ЖЧКсы

2) Субанбеков Айдар

3) Акенеев Эрмек

7

“Pinta Pub” ЖЧКсы

Бекбоев Бакырдин

1) Бекбоев Бакырдин

2) Карымшаков Жаныбек

3) Акенеев Азамат

4) Уваров Анатолий

Булак: NazarNews.kg

Последние новости