www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту көзөмөлдөгөн инспекция бар. Ырасында бир канча жылдан бери ошол ветеринардык инспекцияны атасынан калган менчигиндей ары калчап бери калчаган Калысбек Жумаканов деген адам жетектеп келет. Кыргыздар көбүнчө мал киндиктүү эл болгондуктан, бул инспекция аба менен суудай эле керек. Бирок кереке жарай турган мекемени мээримсиз башкаруучулар башкараарын көпчүлүк аңдай бербейт.
Дегенибиз дал ушул биз сөз кылып жаткан Жумаканов жумуш аткарбай эле жымыңдап өгүз өлбөсүн араба сынбасын деп иштеп жүрү. Дегенибиз тармактын ишин илгерилетмек түгүл ириңдетип жатканын айтпай коё албайбыз.
Себеби Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине бир канча жыл өтсө да дагы деле өлкөдөн экспорттолгон эч нерсе жок отурат. Айланып келип акчага шылтаган ветинспекциясынын жетекчиси Жумаканов өзү ветеринария тармагы боюнча адис болгону менен ирээтүү иш алып барбай жатканын сокур көрүп дүлөй укканы калды. Дал ушул Евро биримдикке чейин экспорттолуп жүргөн эт сүттөр эми өтпөй жатканы өкүндүрөт.
Ананчы орун басары бир учурда чуу менен кеткен Мурат Абдыраев экөө аймактардагы ветинспекциясынын жетекчилигине дайындоо үчүн жылкы сойдуруп өз билгендерин кылып жатса иш кайдан жылат. Өлкөдөгү мал жандыктарды идентификациялоо боюнча ашмалтайды, "РЕВ-1" вакцинациясы боюнча жең ичиндеги соодаларды кийинчерээк толугу менен жазабыз.
Булак: NazarNews.kg