www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Мээрим Жуманазарова 11-апрелде Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, күрөштү уланталбай калган.

Андан соң Инстаграмдагы баракчасына «калыстар адилетсиз чечим чыгарды» деген аталышта видео жарыяланган.

Ал эми кечээ, 13-апрелде «Азаттыкка» беттеш боюнча комментарий берди.

«Азия биринчилигине аябай жакшы даярданып баргам. Бирок негедир баардык беттеш ийгиликсиз болуп жатты. Экинчи беттеште япониялык спортчуга утулуп калдым. Ал эми үчүнчү казак кыз күрөшкөнгө эмес, мушташканга чыккан окшойт. Чыгып эле сүзүп баштады. Мурдум сынып кетти деп, ошол жерде түздөштү. Берилген убакытта мурдумдун каны токтобой койду. 4 мүнөттөн кийин токтоду. Берилген убакыт бүткөндөн кийин беттешке уруксат берилбейт экен. Четтетилип калдым. Агайлар айтып жатат, «назик күрөшүп жатасың деп» эми катуу күрөшөм. Дагы ийгилик жаратканга күчүбүз бар. Интернеттен колдоону көрүп жаттым. Баарын окуп, ошол беттеште медаль алышым керек дегем»,- деди ал.

Ал эми Казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип жатып,  «Бул жерде башкача кылуу мүмкүн эмес. Ооба, катаал болду. Бирок тыюу салынган ыкмаларды колдонбоого аракет кылдым. Мен башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым. Ушундай болуп калды», — деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости