www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович! “Бишкек-Жумгал” жолунун абалы менен кандай өкмөт келбесин, кайсы депутаттарды шайлабайлы, ким президент болбосун сай какшап айтып келебиз. Шайлоо өнөктүгүндө эл менен жолугушууга келгенде убадалар жамгырдай жааганы менен ушул күнгө чейин жолубуз оңолуп кеткен жок. Куру убадалар, жалындуу сөздөр гана айтылып, иш жүзүндө эч бир жылыш жок. “Жумгал-Бишкек” жолу Союздун мыкты заманында салынган боюнча ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык ремонттон өтө элек. Кыргызстандын ички каттамы болгон соң ары бери каттоодо унааларыбыздын тамтыгы калган жок. Ага карабай элибиз бир да жолу жол тосуп же башка мыйзамсыз иштерге барбай, бийлик төбөлдөрүнүн оозунан чыккан ар бир убадаларына ишенип келет. Урматтуу президент, сиз Жумгал районуна, Чаекке болгон иш сапарыңызда 2018-жылы “Арал-Бишкек” жолу боюнча жол куруу иштери башталаарын убадалаган элеңиз. Эми быйылкы жылы да Көчмөндөр оюну өңдүү шаан-шөкөттөргө бюджеттик каражат бөлүнүп кетип, бүтүндөй бир райондун эли дагы куру жалак калабы деген кооптонуу жана тынчсыздануу менен кайрылуу жолдойбуз.

     Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизди чарбачыл, айыл-чарбасын мыкты, тереңден билген адис катары биздин тынчсыздануубузду түшүнөт деген ойдобуз. Ушул маселеге жеке өзүңүз көз салбасаңыз жакында чечилчүдөй эмес!

Сизди терең урматтоо менен Жумгал эли

Булак: NazarNews.kg

Последние новости