www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумуш издөөдө кайсы жерге кайрылуу керек?

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүдө айтылгандай, катталуу үчүн паспорт, эмгек китепчеси же анын дубликаты жана кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер талап кылынат.

"Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти тапшыруу менен жүргүзүлөт. Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат", - деп айтылат маалыматта.

Жумуш орундар жөнүндө маалыматты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле онлайн режиминде http://zanyatost.kg/ сайтынан алууга болот.

Белгилей кетчү жагдай, министрлик тарабынан "Бош орундардын жармаңкеси" дайыма уюштурулуп турат.

Жарандарды кесиптик окутууга жолдомо берүү төмөнкү максаттар үчүн жүргүзүлөт:

1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу; 2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл болгон кесиптик квалификация алуусу;

3) жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.

Ал  эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштар кошумча кесиптик даярдыкты талап кылбаган эмгектин жалпыга жеткиликтүү түрлөрү болуп эсептелет. Алар коомдук пайдалуу иштерди аткаруу учурунда ишке ашырылат. Мисалы: мектептерди, бала бакчаларды оңдоо, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарба ирригациялык иштерди өткөрүү жана эмгектенүүнүн башка багыттары боюнча иштерди аткаруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости