www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол ШИИБдин кезмет бөлүмчөсүнө Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынан жол кырсыктан улам Ө. Самат аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен түшкөндүгү жөнүндө кабар түшөт.

Жабырлануучу адамды сураштырганда, Каракол шаарынын Масалиев атындагы көчөсүнөн «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасы бузулуп калгандыктан улам, автоунаадан тышка чыккан мезгилде, артынан келе жаткан белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген. Ошол мезгилде, жол кырсыгына күбө болгон адамдар жабырлануучуга «Тез жардам» кызматын чакырып, ооруканага алып келишкен. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБинен Сталбек Усубакунов билдирди.

Күбөлөрдөн тийиштүү маалыматтарды алган жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тез аранын ичинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен автоунааны аныкташып, анын айдоочусу Каракол шаарынын 19 жаштагы Ф. Николайды кармоого үлгүрүштү.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочунун айтымында, болжол менен түнкү саат 00.20 чамасында өзүнүн «Фольксваген – Гольф-2» автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп алгандыгын жана коркуп кетип, окуя болгон жерден качып кеткендигин мойнуна алган.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу)  менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости