www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабылдамада отурам. Демейде орусчалап тыкчыдаган катчы кыз жок. Тыпылдап чай сунду. Ичип алдым. Кезек деген жок. Кирип эле иштерин тез бүтүрүп чыгып жатышат. Телевизордон тынымсыз шаардын көчөлөрүн көрсөтүп, элдин баары жайдары.

Карасам, какырып-түкүргөн эч ким жок. "Түкүрбө" деген наклейкалар жок. Бака-шака иш жүрүп жатыптыр. Кабылдамадагылар "мэр жаны конуштарды жумасына эки жолудан кыдырып, тапшырмаларды берип жатат" дейт. 

Аңгыча эле бир жигит келип "Сиздин жаны конуштар боюнча маселеңиз аяктоонун алдында. Сиз менен тамашалашып отура берсем убакыт кетип калат деп мэр чочулап турат. Кечки тамакта шашпай кобурашып отурмай болду" дейт. Мага эмне эле. Иш бүтсө болбодубу. "Ужин мэрдин эсебинен болот экен. Мен дагы Авланбек байкенин жумуштарын бүтүрүп салайын" деп шашып чыксам "үйүңүзгө таштап коеюн" деп Мырза Конурович турат. Ойгонсом түшүм экен. Жамалбек эле мэр болот окшойт", - деп тамаша салган, айтылуу калеми курч, анча-мынча аткаминерлер атын уккусу келбеген, журналист Канышай Мамыркулова пикирин тамашага салып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости