www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазып чыкты. Маалыматта УКМК Тергөө башкармалыгы журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш ишин козгогону айтылат. Бабакулов Fergananews.com сайтында жана башка ресурстарда чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелүүдө. Иш Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу) негизинде козголгон.

 «Улуттук Илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин эксперттери жана адистери өткөргөн филология жана саясат таануу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча Бабакуловдун макалаларында улут аралык кастыкты козгой турган жана ошондой эле улуттук намыска тие турган чакырыктар бар экени аныкталды. Ошондой эле атайын кызмат Бабакулов бул макалаларды 2010-жылдагы Июнь окуясын утурлай жарыялоо менен чет өлкөдөн саясий башпаанек алуу максатын көздөгөнү аныкталды» деп УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов аталган радиого билдирген.

Эскерте кетсек, Улукбек Бабакуловдун жазганына алгач депутат Айнуру Алтыбаева реакция кылып, парламентте көтөрүп чыккан. Коллегасынын мындай пикирин айрым депутаттардан колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости