www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагына КРнын Биринчи вице-премьери Аскар Шадиевдин кызматынан өз арызы менен кеткени тууралуу журналист Сайрагул Дуулатова өз баракчасына төмөнкүдөй пикир жазган. «Аскарбек Шадиев кызматтан кетүүнүн маданияттуу үлгүсүн көрсөтүп келет» Аскарбек Шадиев менен көп жылдан бери иштешип, тилектеш, пикирлеш болуп келе жаткан адам катары бир, эки ооз кеп айтууну туура көрдүм. Кечээ күнү Аскарбек Шадиев ээлеп турган кызматынан өз арызы менен кетүүгө арыз бергени айтылды. Себеби, баарыбызга белгилүү Жогорку Кенештеги Арсен Закиров уурдады деп шектелип жаткан 30 000 доллар чуусуна байланыштуу. Аскарбек Шадиев саясый чөйрөгө бизнестен келгени, олкөбүздөгү бай адамдардын катарын толуктары ЖМКларда айтылып эле жүрөт. Ал киши өзү да бул маалыматты төгүндөбөйт. Буга чейин энергетика министри болуп турганда дагы Казакстандан келген уулуу көмүр тууралуу иш козголгондо, тергөө иштери бүткөнчө ээлеген кызмат ордунан убактылуу, өз арызы менен кеткен. Натыйжада ал иш Жогорку сотко чейин жетип, А.Шадиевдин күнөөсү далилденген эмес. Бул жолу да Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка жасалган ушундай мамиледен улам, кызматын өз арызы менен тапшырып, кызматтан кетүүүнүн маданияттуу жолун көрсөтүп жатат. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Ак ийилет, бирок, сынбайт эмеспи. Аскарбек Шадиевдин ар кандай кызматтан абийирди жогору койгонуна тарых, убакыт өз баасын берет. Аталган пикирге коомчулук тарабынан көптөгөн комментарийлер жазылып жатат. Атап айтсак, соцтармактын активдүү колдонуучулары төмөнкүдөй пикирлерди жазышкан.

Канышай Мамыркулова, журналист: «Канат Исаевдин агасы Талант Исаев отставкага кеткен. Кечээ 1-вице-премьер Аскар Шадиев 30 миллиондун кесепетинен кызматтан кетти. Буга чейин "Азия Ньюс" гезити дагы "Башка өлкөлөрдө мындай учурда отставкага кетет" деп жазып чыккан эле. Мен билгенден тергөогө тоскоолдук келтирбөө жаатында кызматын өз каалоосу менен тапшырган ушул эки адам бар экен. Балким мен билбеген мисалдар бардыр. Бирок, ушуга чыгынуунун өзү белгилөөгө арзыйт. Канчасы беттерин табактай кылып, талпайып отурат».

Шагзада Абсаматова: «Үлгү алгыла, жемкорлор» Мен бул кишини тааныбасам да азыркы кадамы туура деп колдоймун» деп жазса,

Baatyrbek Zhuman: Накта жигиттикти далилдеп көрсөттү. Көп инсанга үлгү болчудай...

 Назгул Насиева: Үлгү алышса болмок Шадиев менен Исаевден! Иноват Ниматова: Бул жигит Жогорку Кеңештин 4 жолку чакырылышынын депутаты, Коомдук ишмер Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө түздөн-түз салым кошкон жана ал кишини идеал тутуп кыргыз элине ак дилден кызмат кылып келген, карапайым үй-бүлөдөн чыккан чыгаан кыргыз жигиттеринин бири. Аскарбек Алимбаевич сизди Аллах колдосун,-деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости