www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Орозодо эч нерсе жазбай эле турсамбы дегем. Бирок, азыркы учурдагы экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча түзүлгөн туңгуюк кырдаалдын түбү көрүнбөйт. Күзүндө жумуш орундарын кой, эмне жеп, эмне ичерибиз абдан чоң суроого айланды? – деген пикирин бүгүн, 26-апрелде журналиcn Семетей Талас уулу жазды. 

--Короновируска каршы жүз миллиондогон доллар карыз суралганы менен, Өкмөт элементардуу канды толук текшере турган, баасы 150-200 000 доллардын тегерегинде лабораторияларды, жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып келбей жалдырап отурушат. Абдан шалаакы кыймылдап жатышат. Ушундай оор күндөрү бөлүнүп жаткан жүз миллиондогон сом акчанын отчету берилбей турат. Алардын дайынын сурай турчу, эсебин алууга милдеттүү Жогорку Кеңеш, Өкмөттүн жана Президенттин алдында кумга көчүгүн тыккан страус позициясын тандап алды. Президент мелтейип, анда-санда Премьерди, спикерди жана башка министрлерди кашына чакырып, кабагын түйүп, ар бир кылынган иштен кабардар болуп аткансыган кебете көрсөткөн менен кырдаалды күрөө тамырдан кармап турган жок. Азыр дүйнөдө коронавирустун айынан массалык толкундоолор, нараазычылык акциялары башталды. Бир нече мамлекетте элдик төңкөрүштөр болушу толук мүмкүн. Андай ынкылаптык аргасыздык башынан кызуу кандуу кыргыз элин кыйгап өтпөшүнө кепилдик жок. Андыктан, ар бир жасалган ишке отчет берип, ар бир тыйындын эсебин бербесеңер, силердей шалаакыларды Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин тагдыры күтүп турат. Элдин сабыры менен ойнобой эсиңерге келгиле, элейген эл башчылары!-деп жазган журналист Семетей Талас уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости