www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Тынчтык Алтымышевдин оозун жабуу аракеттери башталганы маалым болду. Бул тууралуу журналист өз баракчасы аркылуу кабарлады. Айтымында, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө "Тынчтык Алтымышевди катуу сабап, тилин тибирегис кылып койгула" деген буйрук түшүптүр.

- Каралардын деле арасында акыйкаттыкты, чындыкты, жигиттикти сүйгөндөр бар да, азырынча буйрукчуну айтпаса да, сагыраак болуумду салам дубай кылышыптыр. Аларга ырахмат!
Эми Кудайдан башка мени эч ким коргойт албайт, аны так билем. Ошол эле маалда акыркы кездердеги журналистик, блоггердик ишмердигиме анализ жасап, тажрыйбалуу чекист, оперлер менен кеңешүүдөн кийин шамал кайдан согуп жатканын боолголодук. Эми айрым аккаунт, телефондордун ээликтерин ачсак баары белгилүү болот. Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт! Кимибиз оозунабыз аны да Кудай билет! Айрым, "достор" ичиңерде ит өлүп жүргөнүн билчүмүн, бирок, көр дүйнөнүн көтүнөн мынча түшөөрүңөрдү билбепмин, ошол акча, бийлик менен тирүү калмак белеңер, силер да барасыңар Кудай алдына!

Тынчтык Алтымышев “Govori.TV” интернет ресурсунда кабарчы болуп иштейт. Журналисттик чөйрөдө курч макалалары, ыкчам кабарлары менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости