www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы Маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин жана журналисттердин кесиптик кошууну Ирина Славинанын өлүмүнө терең кайгыруусун билдирди.

Билдирүүдө бул окуянын түбүндө адамды өзүн өлтүрүүгө түрткөн кылмыштын белгилери бар экени айтылып, ал иликтениши керектиги белгиленген.

Белгилей кетсек, Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина 2-октябрда Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койгон. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей каза тапкан.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу.

Кошумчалай кетсек, Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости