www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калемпир сайты, 2017-жылда 65 журналист каза тапканын билдирген эле. Тилекке каршы жазылган санга дагы бир сан кошулду.

Алсак, Мексиканын Веракрус штатында 35 жаштагы журналист Гумаро Перести атып кетишти.

Аталган окуя журналист Гумаро Перестин 6 жаштагы уулунун Жаңы жылдык кечесине барган учурда болгон. Кечеге кирип барган куралданган адамдар төрт жолу ок атышкан.

Жергиликтүү ММКлардын билдирүүсүнө караганда каза тапкан журналист Перес өлкөдөгү наркотиканын мамлекеттеги орду боюнча, журналистикалык изилдөө жүргүзүп жаткандыгын айтышкан.

Негизинен Мексика журналисттер үчүн эң кооптуу мамлекет деп табылган. Мексикада 2000-жылдан бери 111 журналист киши колдуу болуп каза тапкан. 38 журналист Мексикага Энрике Пеня Ньето президент болуп келгенден бери киши колдуу болгон.

Айюб Хан, Өзбекстан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости