www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакияда журналист Ян Куцьяктын өлүмүнөн кийин өлкөнүн премьер-министринин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань жана маалымат министри Марек Мадьярич кызматынан кетти.

Ян Куцьяк "Aktuality" сайтында коррупцияга аралашып, салыктан качкандар тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап турган. Акыркы убактарда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) менен биргеликте өлкө саясатчыларынын италиялык мафия менен ыктымал байланышы тууралуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн. 9-февралда жарыяланган акыркы макаласында журналист ишкер Мариан Кочнерге байланышкан күмөндүү каржылык иштер тууралуу жазган.

Журналисттин сөөгү 25-февралда табылган. Ага ок атылганы кабарланган. Полиция Куцьяктын өлүмүнө журналисттик иликтөөлөрү себеп болушу мүмкүндүгүн айткан. "Буга чейин Словакияда журналистке мындай аёосуз кол салуу болгон эмес",-деди полиция өкүлү.

Бул окуяга байланыштуу өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү ички иштер министри Роберт Калиняк менен полиция башчысы Тибор Гашпар да кызматтан кетиши керектигин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости