www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, Кыргыз Республикасынын Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Жусуп Коргонбай уулу NazarNews маалымат агенттигине Матраимовдун үй-бүлөсү тууралууу өз пикирин билдирди.

“Мен 1994-жылы Ош шаарына студент болуп келгем. Ошондо кыргыз улутунда ишкерлер аз болчу. Түштүктө негизинен өзбек улутундагылар соода-сатык менен алектенчү. Кыргыздардан эң алгачкылардан болуп Матраимовдор ишкерлик кылышкан. Чоң-чоң ишкердикти жасап, көп кишиге көмөктөшүп, иш орун беришкени чындык. Азыр деле спортко, маданиятка, жетим-жесир муктаждарга жардам сураса дайыма жок дешпейт. Мен алардын бажыдагы иштерине же коррупциялык иштерге аралашты дегенге конкреттүү факты болбогондон кийин ишенбейм. Баардык нерсени факты менен сүйлөш керек. Өлкөдө эгемендикти алгандан бери элдин мамлекеттин эсебинен байыган миллионерлер көп. Ушул эле учурда өз эмгеги менен эл баккандар да жок эмес. Мен Искендер, Раим, Ислам, Руслан Матраимовдорду жакшы тааныйм. Элпек, ыймандуу, коомчулукта өздөрүн жакшы жактарын көргөзүп, көпчүлүккө үлгү болуп келе жаткан адамдар. 25 жылдан бери жакшы таанып, булар жөнүндө жаман пикир уккан эмесмин. Кыргызстанда ушуга окшогон үлгүлүү жүргөн кишилерден кынтык таап, жаман атты кылыш акыркы убактарда жаман адатка айланды. Мындай адамдарды колдоп алсак элге пайдасы мындан дагы жогору болмок”, - дейт экс-депутат.

Эске сала кетсек, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда 250 миң бет кап, вирустун белгилерин ыкчам көрсөтүүчү 20 миң экспресс-тесттер, 500 коргоочу костюмдар жана 500 коргоочу көз айнектерин беришкен. Ошондой эле, мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом, калктын жардамга муктаж катмарына ун, өсүмдүк майы жана азыктар салынган баштыктарды таратып беришкен.

Мындан сырткары, унутулуп калган кыргыз киносунун ардагерлерине чакан гуманитардык жардам көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости