www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жусупбек мырза, сиз азыркы кризистен чыгуу боюнча кандай чараларды сунуштайт элеңиз?

-- Эң керектүү товарлардан НДС салыгын алып салуу сунушталууда. Бул менимче, туура кадам. Эң башкысы, паникага алдырбаш керек. Баардыгы жакшы болот. Ата-бабаларыбыз мындан дагы оор кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн.

Каатчылык деле көп жагынан адамдын пейилине жараша болот. Биз үй-бүлөдө бешалты кишибиз. Күнүмдүк эле азык-түлүгүбүздү сатып алып жейбиз. Запас камдаган деле жерибиз жок. Көп болсо 20-30 кило ун бардыр ашканада.

Элиме деле ошону айтмакмын. Көңүлдү, пейилди ток кылсак, токчулук эле болот. Кудайга шүгүр, суубуз, жерибиз бар, ачкадан өлгөн эч ким жок.

-- Чындыгында эле азык-түлүктүн көп түрү менен өзүбүздү өзүбүз камсыздасак болот да?

-- Мен ачыгын эле айтып коёюн, 1992-93-жылдары мындан дагы оор мезгил болгон. Ошол кезде биз талааларда иштеп, картошка айдачубуз, буудай сепчүбүз. Азыр болсо көпчүлүк жаштарыбыз жалкоо болуп калышты.

Жер иштетишпейт, чөп чабышпайт. Айылдарга барсаң телефон чукулагандан башка иш кылышпайт. “Жер иштетип, же мал баккандан көрө бирөөнүн товарын ташысам көбүрөөк акча табам” деген көз караштагы жаштарыбыз пайда болду.

Иштеген кишиге мүмкүнчүлүк толтура. Ушундай кезде кичине сабырдуулук кылып, биримдикте кадам таштасак. Туура, мамлекет да аларга шарт түзүп, арзандатылган кредиттерди бериши зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости