www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен Садыр Жапаровго душман эмесмин. Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Менин негизи 5 иним бар. Алар: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов. Учурда алардын үчөө бийликте. Мен 10 жылдан ашык убакыттан бери алардын укугун коргоп келем. Кээде жалгыз калган учурларым болгон. Бул мага оңой турган жок. Бирок, мен алардын тагдырына кайдыгер карай албай. Алар мени «биз үчүн Жылдыз Жолдошова жок» дей турган күндө да мен аларды коргой берем.

Баарыңарга белгилүү болгондой алар ошол учурдагы Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийликтин мыйзамсыз аракеттерине кабылганда да коргоп, колдоп келгем. Бул ишимди алар өздөрү унутса да эл билет. Мен муну эч кандай милдет иретинде айтып жаткан жокмун.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамлекетти алдыга жылдырам деген жакшы ойлору бар. Бирок, алар бул ишти жалгыз экөө же үчөө ишке ашыра албайт. Ал үчүн күчтүү команда болуш керек», - деди саясатчы Жолдошова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости